Ашмара, Аспара – Панфилов району (Кыргыз Республикасы) менен Мерке районунун (Казакстан) чек арасы аркылуу аккан суу. Чүй өрөөнүндөгү Курагатты суусунун оң куймасы. Узундугу 108 км, алабынын аянты 1210 км². Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталат. Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип, тайыздайт. Ири куймалары: Махан, Аршалы жана башка. Жылдык орточо чыгымы 3,31 м³/сек; эң көбү 9,66 м³/сек, эң азы 1,02 м³/сек. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Алабында жалпы аянты 17,8 км² келген 34 чакан мөңгү бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Чалдыбар, Ровный, Гранитогорск жана башка кыштактар жайгашкан.

Ашмара суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 108 км
бассейндин аянты 1 210 км²
Жайгашкан орду
Өлкө Калып:Өлкө желеги/Кыргызстан, Казакстан

Колдонулган адабият түзөтүү