Ашпара - 8-15-кылымдагы шаар урандысы. Чүй өрөөнүндөгү Чалдыбар кыштагынын батыш тарабында жайгашкан. Алгачкы археологиялык изилдөөлөрдү В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, кийин 1964-65-жылы Жетисуу археологиялык экспедициясы жүргүзгөн. Шаар сепилден, шахирстандан жана дыйкандар менен кол өнөрчүлөр жашашкан турак үйлөрдөн туруп, сыртынан чеп менен курчалган. Казуу учурунда дубалы сокмо жана чийки кыштан салынган үйлөрдүн калдыктары, чопо идиштер (кумара, табак, чыны), үй айбанаттарынын сөөктөрү табылган. Табылгалардын ичинен уйгур алфавитиндеги жазуусу бар уйдун далысы өтө кызыгууну туудурат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1