Ашыктык ырлары - сүйүү ырлары. Кыргыз улуттук поэзиясындагы өнүккөн жанрлардын бири. Ашыктык ырларында адамдагы махабат сезими даңазаланат, ашык болгондордун бири-бирине деген мээрими, аң-сезими, толгонуулары, азаптары, армандары туюнтулат. Кыргыздын ичкилик диалектисинде бул жанр «ашыглык ырлары» деп аталат. Ал эми түркмөн жана азербайжандарда лирикалык ыр айткан кишини же аткаруучуну «ашуг» деп коюшат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү