Жакшылыктан кача берсең, жамандык өзү басып келет
М. Убукеев

Кыргызда жамандык, жакшылык деген түшүнүк бар. Жакшылык - бала төрөлгөндөн баштап, каза болгонго чейинки тойлор, дос-тамыр күтүү ж.б. адамдык мамилелер, ал эми жамандык - сөөк коюу. Жакшылыкты той берүү менен белгилөө, жамандыкты (өлүм-житим) аза күтүп кайгыруу менен белгилөө салт.
Той - дасторкон жайнаган дүйүм тамак-аш, бака-шака түшкөн таң-тамаша менен коштолот. Ал күнү ал үйдө ыр-күлкү оболоп, санжыра-сармерден айтылат. Той бала төрөлгөнгө, аны отургузганга, кыз берип, келин алганга, жаңы үйго киргенге ж.б. арналып берилет. Туулган күнүн белгилөө салты кыргызда бол¬гон эмес. Бул кийин гана адатка айланып калды.
Тойдо тилектер айтылып, бата берилген. Азыр деле тилектер айтылат, бирок той чыныгы майрамга айланбай, кийин кийилбөөчү чапандар жабылып, сөз чектелип, музыка дүңгүрөтө ашкере бийик коюлуп, жылаңач кыздар бийлеп, фотографтар, артисттер келип, той филармонияга, циркке, бизнес жасоочу жерге айланып баратканы, тамада 7 келин, 7 жигитти чакырып, алманы (тамак) багелегинен киргизип, моюндан чыгарып, эки-экиден алма тиштеттирип, беттерин, төштөрүн тийиштирип, айтор төө чечмейдин сыйда түрүнө өткөнүбүз жакшы эмес. Айтор тойдон ырахат алып, эс албастан, суй жыгыла чарчап, бир нече күнү кулагың дүңгүрөп жүрөт.

Адабият түзөтүү

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.