Аэронавигация - учуучу аппараттарды башкаруунун теориясы жана практикасы жөнүндөгү илим.

Белгилүү бийиктикте самолеттун учуу багытын өзгөртпөстөн, баруучу жерине өз убагында жеткирүү А-нын негизги милдеттерине кирет. Аэронавигация боюнча самолеттун экипажы анын кайсы жерде баратканын, учуу багытын, ылдамдыгын, бийиктигин аныктап турат. Аэронавигацияда самолет айдоонун түрлүү ыкмалары тех. каражаттардын (компас, ылдамдык жана бийиктик өлчөгүч, гиромагниттик компас, гировертикаль, автопилот, авиагоризонт, авиац. секстант, астрокомпас, радио жана инерциялык навигация) жардамы менен изилденет, К. Навигация.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.