Аэростат (аэро... жана грекче statos - кыймылсыз) - газ өткөрбөс кабыкка (ар кандай формадагы) тыгыздыгы абадан аз газдарды (суутек, гелий, ысытылган аба) толтурганда пайда болгон аэростатикалык көтөрүү күчүнүн жардам менен учуучу жеңил аппарат. Аэростаттын башкарылуучу (дирижаблъ), эркин (стратостат) жана байланма түрлөрү бар.

Эркин аэростат түзөтүү

Атмосфераны, астрономиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, аппаратуралар менен жабдууларды сыноодо, ошондой эле спортто, көрнөк-жарнакта, чалгындоо иштеринде жана башкаларда колдонулат. Арналышына жараша экипаждуу жана экипажсыз, алыс же кыска аралыкка учуучу болуп айырмаланат. Эркин аэростат демейде шар формасындагы жумшак кабыктан турат, ага тор же стропа аркылуу гондола бекитилет. 7-12 кмге көтөрүлүүчү ачык гондолалуу аэростат субстратостат, стратосферага көтөрүлүүчү, башкарылуучу, жылчыксыз гондолалуу жана автоматтык аэростат стратостат деп аталат. Башкарылуучу эркин аэростат асты жагынан ачык, башкарылбоочусу ачык да, жабык да жасалат. Ачык кабыктуу аэростатта көтөрүүчү газдын ашыгы тешик аркылуу чыгып, анын массасын азайтат. Шар-зонд резина кабыкта жана радиозонддо көтөрүүчү газдын басымы резина кабыкты чоюп, аэростаттын көлөмү 60300 эсе чоңоет, ал 45-48 км бийиктикке көтөрүлүүгө мүмкүндүк берет. Анын кабы полимер пленкадан жана кездемепленкадан жасалып, бир гана жолу пайдаланылат. Көлөмү 15-100 миң м3. Жылуу аба толтурулуучу спорттук аэростаттын кабы бышык, ысыкка чыдамдуу материалдан жасалат. Ал көп жолу пайдаланылат.

Байланма аэростат түзөтүү

Байланма аэростат аппаратураларды, байланыш каражаттарын (радиолокаторлор, ретрансляторлор) көтөрүү үчүн атмосфераны изилдөө, авиация чабуулунан (коргоо аэростат) коргоо жана башка максаттарда колдонулат. Байланма аэростат шамалдын ылдамдыгы 35-40 м/с кезде 2-5 кмге көтөрүлө алат. Анын көлөмү бир нече м3дан 10-12 миң м3га чейин жетет. Формасы сүйрү келип кошумча аэродинамикалык көтөрүү күчүн пайда кылат; тулкусуна экипаж үчүн гондола же аппаратура орнотулган контейнер, байлап коюучу зымаркан бекитилет. Ага көтөрүүчү газ суутек же гелий толтурулат. Байланма аэростат согуш учурунда шаарларды, портторду, маанилүү объектилерди жапыз учкан самолёттун чабуулунан сактоо үчүн колдонулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1