Аэрофототопография - топографиянын аэросүрөттөр боюнча топографиялык карталарды түзүү ыкмаларын изилдөөчү тармагы. Аэрофототопографияда айкалыштырылган (комбинацияланган) жана стереотопографиялык эки ыкма пайдаланылат. Биринчисинде картанын контурдук бөлүгү аэросүрөттөрдүн негизинде түзүлүп, ал эми Жер бетинин түзүлүш рельефи мензулдук съемка боюнча түшүрүлгөн горизонталдар менен көрсөтүлөт. Экинчиси -1:2000 жана андан кичине масштабдагы топографиялык карталарды түзүүдө негизги ыкма, анда горизонталдар аэросүрөттөрдөн фотограмметриялык жол менен чийилет. Стереотопографиялык карта түзүүнүн негизги процесстерине: аэросүрөттөрдү тартуу, фотографиялык жана талаадагы топографиялык-геодезиялык иштерди жүргүзүү, ошондой эле фотограмметриялык иштетүүлөр кирет. Топографиялык-геодезиялык иштерде аэросүрөттөгү даана көрүнгөн кээ бир чекиттердин (нерселердин) геодезиялык координаттары талаада аныкталат. Бул Жер бетиндеги геодезиялык координаталарды аныктоочу чекиттердин саны түзүлүүчү картанын масштабына, жердин физикалык-географиялык шартына жана аэросүрөттүн сапатына жараша болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1