Жер бети – жердин жылуулук жана ным алмашуу процесстери аркылуу атмосфера менен өз ара байланышкан үстүңкү бети (топурак, өсүмдүк, кар, суу, муз). Жана башка ар түрдүү түзүлүштө (мисалы, кургактык менен суу мейкиндигинин, тоолор менен түздүктөрдүн) болушу аба ырайына жана климатка зор таасирин тийгизет; ал эми Күн нурунун энергиясынын жер бети боюнча ар түрдүү өлчөмдө сиңирилиши, чыгымдалышы жана топтолушу атмосферанын жалпы циркуляциясына таасирин тийгизип, атмосфера циркуляциянын жергиликтүү өзгөчөлүгүн аныктайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1