Аэтий (доксографчы)
Аэтий – Г. Дильстин концепциясы боюнча, Аэтий доксографиялык компендиянын сакталып калган «Пикир жыйнагы» жалгыз китебинин автору.
Бул жыйнакта байыркы грек философу Фалестен баштап перипатетиктерге чейинки натурфилософиялык көз-караштар топтолгон. Аэтий тексттерин 1879-ж. Г. Дильс кайра түзүп чыккан. Г. Дильстин пикирине ылайык, Фалестен Платонго чейин Теофрастын физикалык ойлору катары өзүнүн композициясы боюнча структураны чагылдырат:
- башталгыч күч космология,
- метеорология,
- психология,
- Эмбриология жана физиология.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8