Аягүз, Аягөз — топоним, дарыя жана анын чөйрөсүндөгү өрөөн. Байыртадан кыргыз, казак мекендеп келе жаткан жер катары эпостун көпчүлүк эпизоддорунда, айрыкча, Манас Алтайда жашап турган мезгилдеги окуяларда, «Көкөтөйдүн ашында», «Чоң казатта » жана «Семетейдин Коңурбайдан кун куушунда» көп эскерилет. Географиялык реалияда Казакстандын Семей, Талды-Коргон облустарынан агып өтүп, Балкаш көлүнө куйган дарыя.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4