Аянбоз, Каянбоз— Манас эпосунун эпизоддук кейипкери. Кытай каны. «Чоң казатта» Мадыкан менен болгон урушта анын эпсиз күчтүү экени айтылат. Согушта Мадыканды аттан сайып түшүргөн Төштүктүн башын кескени келаткан А-ду Манас качырынан жыга сайып, Бакай башын кесип кетет (Курама варианты, 2. 214—215).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4