Аяр
Аяр — "Манас" эпосунда бардык иш колунан келген,билбегени жок, сыйкырдуу касиети бар адам катары сүрөттөлөт:
«Актарга мылтык оңдогун
Аярың болсо жоктогун»,
же «Аяр Култаң барганы айтып кабар салганы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 72).
Аяр эпос боюнча кыргыздарда да, алардын душмандарында да болгон. "Манастын" варианттарында Аяр деген сөз ар түрдүү мааниге ээ: коргоочу, сактоочу, сыйкыр, сыйкырчы, кандайдыр дубанын күчү менен өз каалаганын ишке ашырып алуу касиетине ээ болгон адам жана башкалар Ал "Манас" эпосуна араб-фарсы адабиятынын таасири менен кирген. Аяр араб тилинде митайым, шүмшүк, эр жүрөк, бекерчи, ууру, уюштургуч деген маанидеги түшүнүктөрдү билдирет. Мисалы, орто кылымдарда Аярлар Рудакиде, Ирандын эски тарыхый чыгармасы «Тарих-е Систанда», «Саман аяр» деген 11-кылымдарда жазылган фарсы дастанында жана башкалар чыгармаларда чагылдырылып, чындык турмуштагы эле адамдар болгон. Алар уурулук, каракчылыкты мамлекетке кызмат өтөө менен айкалыштырышкан. Ошентип, орто кылымдардагы Орто Азия аймагында тараган чыгармалар аркылуу кыргыз жомокчулары өздөрүнүн репертуарына акырындык менен киргизип отуруп, кийинчерээк "Манас" эпосунун нукура сиңип кеткен сөзү катары айтылып калган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|