Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 5—10киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар! 1 метрдей келген таяктар,

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар колдоруна таяктарын алышып, бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жана кезеги тууралу сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден катардан чыгышып, колдорундагы таяктардын бир учунан, экинчи учуна ыргып-секирип дөңгөлөк сыяктуу тегеретип ыргытышууга аракеттенишет, Оюнчулардын аракети кезектери менен 2—10 жолу кайталанышы мүмкүн. Таягын алыстыкка дөңгөлөтүп ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Таяктар ыргытылып жатканда, талаада турууга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Таяктардын узундугу бирдей, оюн эл жашаган жерден башка жерде өткөрүлүшү керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч тарбияланат, таяктарды ыргытуунун ыкмаларын, кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт»

Колдонулган адабияттар түзөтүү