Аңыр (лат. Tadorna ferruginea), кызыл өрдөк — каз сымалдар түркүмүндөгү өрдөктөр тукумунун өкүлү. Узундугу 60 смге жакын. Тулку бою куйкул сары түстө, канаттары ак, кара, узун, куйругу да кара. Түштүк Европа, Түндүк Африка жана Азияда тузсуз жана туздуу көлмө жээгинде, Орто Азияда 4500 мге чейинки бийик тоолордо таралган. Кыргызстанда уясын суудан алыс аскаларга, суур, кашкулак, түлкү ийиндерине салат. Уяга 8-12 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат. Өсүмдүк, жаныбар, ошондой эле тарпты да жейт. Күзүндө анча чоң эмес топ түзүп, Түштүк Азияга кыштоого учуп кетет.

Аңыр.
Tadorna ferruginea
Tadorna ferruginea

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1