Өрдөктөр (лат. Anatidae) — каз сымалдар түркүмүндөгү сууда сүзүүчү куштар тукуму. Дене уз. 29-150 см. Тумшугунун кыры тиш сымал пластинкалуу, алар чыпкалоочу аппаратты пайда кылат. Кээ биринде жыныстык диморфизм (эркеги чоңураак келип, ачык түстө) даана байкалат. Чычаң бези жакшы өөрчүгөн. Бут салаалары жаргакчалар менен капталган. Жүнү калын, тыгыз. Учпаган түрү да бар. Көпчүлүк өрдөктөр жакшы чумкуйт, азыгын суу ичинен же суу түбүнөн табат. Тиричилик өзгөчөлүгү жана аңчылык мааниси боюнча 3 топко (накта өрдөктөр, чумкугуч өрдөктөр жана суксурлар) бөлүнөт.

Аңыр (Tadorna ferruginea).

Өрдөктөрдүн 47 уруусунун (өрдөк, куулар, казаркалар ж. б.) 150дөй түрү бардык жерде таралган. КМШ өлкөлөрүндө 50 түрү уялайт, 8 түрү учуп өтөт. Кыргызстанда 20 түрү кезигет. 10 түрү Ысык-Көлдө, Сон-Көлдө уялайт. Кызыл баш чумкугуч, суксур ж. б. Ысык-Көлдө кыштайт. Моногамдар. Бир түстүү 2-16 жумуртка тууйт. Түштүк Америкада кезигүүчү бир түрү жумурткасын башка куштун уясына таштайт. Көбү — аңчылык объектиси. Кээ бир жерде саны кескин азайып кеткендиктен, 12 түрү, 3 түрчөсү ТКЭСтин кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү