Аң уулоо - кыргыздардын ата-бабаларынан калган кесиби катары хх к. чейин кеңири сакталган. Мында мылтык, капкан тузак, пайдаланылган. Андан тышкары мүнүшкөрлөр бүркүт, куш менен аң уулашкан. Аларга карышкыр , түлкү, коён, кекилик, чил жана башкаларды алдырышкан. Эл ичинен көзгө атар мергендер чыккан. Аң уулоону кесип кылгандарды мергенчи дешкен. Мергенчи – айылдагы эң кадырлуу адамдардын бири болгон. Айрым мергенчилер аң уулоо менен бир айылды баккан. Аркар, кулжа ,текелерге кээде ондон да көп киши чогуу чыгышкан. Жердин уусун билген мерген кийиктерди үркүтүүгө атайын кишилерди жиберген, аларды айдакчылар дешкен. Ал эми калгандары болсо, колдоруна мылтык алып ыңгайлуу жерге жашырынып , үрккөн кайберендерди алдынан тосуп тургандарды тозоттогулар деп аташкан. Мергенден келе жатканда алдынан жолуккандар шыралга сурашкан. Аларга атып алышкан кайберендин этинен сөзсүз бөлүп беришкен. Кээде аткан кайберендин этин шыралгага таратып берип , үйүнө куру кол келген карт мергенчилер да болгон.
Кыргыз элинде илгертен айтылып келе жаткан “Жандоочу кийик аттырат “- деген ылакап бар.Көп киши катышып узак убакытка созулган аң уулоону салбырын же салбуурун деп атаган. Андагы мылтыгы жок , мергенчилерге айдакчы болуп, жардамчы болуп , жүргөндөрдү салбырынчы деп коюшкан. Ууга бир аз эле киши чыкса, андагы айдакчы болуп жүргөндөрдү- карасанчы деп аталган. Кийик атып аны бөлүштүргөндө карасанчылардын шыбагасына сан тийген .Ошондон улам мергенчилердин салтында "Санчыга - сан" деген ылакап калса керек.
Аң уулоодо пайдаланылган итти кыргыздар тайган деген .Аны күчүк кезинен сөөк , чийки эт бербей, итке талатпай, эр жүрөк кылып кастарлап багышкан. Тайгандардын кырааны жолборс, эң мыктысы кумайык деп аталган. Кыргыздарда кумайыкты көк жору тууйт , туулгандан үч күнгө жете киши көрсө, кумайык (тайган) болуп , андан өтсө, жорунун балапаны болот деген ишеним болгон. Кыргыздар атты кандай таптаса тайган менен кушту да ошондой эле аздектеп таптаган. Куш таптаган адамдар мүнүшкөрлөр деп аталган.
("Кыргызстан тарыхы")