А фреско, аль фреско (италянча a fresco – чийки, кургай элек нерсенин үстүндө дегенди билдирет, «а фрэско» деп айтылат) – жаңы, кургай элек акиташ шыбагынын үстүндө аткарылган фреска сүрөттөрүнө мүнөздүү анын негизги техникалык түрлөрүнүн бири, к. Фреска. Акиташ шыбагы кургап бүткөнчө анын үстүндө көмүрлүү кальций бирикмелеринин катмарын түзүү менен боёктор өзүлөрү да шыбак менен тең кургашат. Ошондуктан бул техникага иштин тез аткарылышы мүнөздүү жана чоң көлөмдөгү композицияларды бир нече бөлүктөргө бөлүп алып аткарууну талап кылат. Бул жол менен аткарылган иштин кемчиликтери бир нече күндөн кийин (шыбак толук кургагандан кийин) билинет. Анын үстүнө шыбак пайдаланылган боёктордун өңүн абдан өзгөртүп салат. Ошондуктан а фреско ыкмасы менен тартылган сүрөттү темперанын жардамы менен оңдошот. Ушул себептерге байланыштуу «таза фреска» деп аталган, оңдоого мүмкүн болбогон техника менен иштөө оор жана сейрек кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү