Аyра (грекче aura - желаргы, агым, желдөө) талма оорусунун кармашын алдын ала билдирүүчү узакка созулбаган өзгөчө сезим (психикалык-эмоциялык, кооптонуу, коркуу, чындыкка жатпаган элестөөлөр). Анын көп түрү бар. Оору борборбук мээнин чыкый үлүшүндө жайгашса, талма баш айлануудан кийин кармайт; көзгө ар түрдүү тактар, ийри сызыктар, жок буюмдун элеси, турпаты көрүнгөнсүйт. Кээде ызы-чуу, ар кандай үндөр, сөздөр угулуп тынчы кетет. Кыймыл аурасында айрым учурда башы калчылдап, көзү алаңдайт, айрым булчуңдар тырышат, ошондой эле жыт, даам сезилгендей, жүрөк токтоп калгандай туюм, психикалык (албууттануу, жашынуу, коркуу) түрлөрү бар. Чанда аура талмасыз өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1