Баадер, Франц Ксавер фон
Франц Ксавер фон Баадер (нем. Franz Xaver von Baader; 27 март 1765, Мюнхен — 23 май 1841, Мюнхен) - немис диний философиясынын өкүлү.
Баадер, Франц Ксавер фон | |
Толук аты-жөнү | Баадер, Франц Ксавер фон |
---|---|
Төрөлгөн |
27.3.1765 Мюнхен |
Көз жумган |
23.5.1841 Мюнхен |
Баадердин универсализмдик көз карашы теософиялык кудай жан окуунун күчтүү таасиринин натыйжасында өнүккөн. Баадер немис романтизминин калыптануусуна чоң таасирин тийгизген. Баадер белги, символ, иерогливдерге өзгөчө көңүл бурган.
Баадердин көз-карашынын маани-маңызына Шеллингдин жана романтиктердин таасири күчтүү болгон, ошол себептен жашоосунун аягында романтикалык диний философиясын түзгөн. Немис философторунун арасында биринчилерден болуп, Баадер буржуазиялык коомдун социалдык-маданий көйгөйлөрүнө көңүл болгон, христиандык социализмдин идеаларын өнүктүргөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- Dr. J. Glenn Friesen. Baader's Collected Works (Sämtliche Werke) and studies relating to Franz von Baader — Баадерге арналган сайт (англ.)