Бааны дифференциялоо - бирдей продукцияга ар кыл баа ченин коюу.

Мында ишканага (продукция чыгарчу) тиешесиз экономикалык, табигый, аймак шартына байланыштуу продукция чыгаруу, сатуу чыгымынын түрдүүлүгү, продукция сапаты эске алынат. Б.д. ишканалардын кирешелүүлүк деңгээлин теңдейт, бул көбүнчө белендөө ишканаларына (айыл чарбага, жыгач даярдоо), о. э. бир катар башка тармакка (ун тартуу, пахта тазалоо ж.б.) тиешелүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9