2011
2011 (эки миң он биринчи) жыл — толук эмес жыл, Григорий календары боюнча ишемби күнү башталат. Бул биздин замандын 2011, 3-миңжылдыктын 11, XXI кылымдын 11-жылы.
Жылдар |
---|
2007 · 2008 · 2009 · 2010 — 2011 — 2012 · 2013 · 2014 · 2015 |
Онжылдык |
1990-чу · 2000-чу — 2010-чу — 2020-чу · 2030-чу |
Кылымдар |
XX кылым — XXI кылым — XXII кылым |
Негизги окуялар
түзөтүү- 1-январь:
- Эстония еврого өтүп, еврозонанын 17-өкүлү болуп калды. [4].
- Венгрия Евробиримдиктин төралагалык мамлекети болду.
- Литва ЕККУ уюмуна төрагалык кылат. [5].
- Дилма Русеф Бразилиянын президенти болуп шайланган (өлкөдөгү биринчи айым-президент).
- Сургут шаарында (Россия) учуп бара жатканда Ту-154 учагы күйүп анан жарылып кеткен. 3 адам каза болсо, 44тү жарадар болушкан.
- 2-январь — Чилиде күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. [6].
- 8-январь — Тусон шаарында (АКШ) шайлоочулар алдына чыгып үйлөп жаткан Габриэль Гиффордс кол салуу болгон. жабырлануучу ооруканага жеткирилген. 6 киши каза болуп, 14 адам жаракат алышкан. [7].
- 9-январь — Boeing 727 учагы Ирандын Урмия шаарныда кулап, 77 адам каза болуп, 26 киши жарадар болушкан. [8].
- 9—15-январь күндөрү — Түштүк Суданда Судан мкамлекетинен эгемендүүлүктү алуу үчүн референдум болуп өткөн.
- 14-январь:
- Казакстандын парламенти өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаевди өзүнүн макул эместигине карабай, 2020-жылга чейин шайлоо тууралуу референдум өткөрүү чечимин кабыл алышкан. [9].
- Тунистеги мамлекеттик төңкөрүштө өлкө башчысы Зин эль-Абидин Бен Али өлкөдөн качып кеткен. [10][11].
- 17-январь — Казак президенти Нурсултан Назарбаев өзүнун президенттик мөөнөтүн 2020-жылга чейин узартуу демилгесинен баш тартып, чечимди кароого өлкөнүн Конституциялык кеңешине жиберди. [12].
- 19-январь — Пакистандын түштүк-батышында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. [13].
- 21-январь — Александр Лукашенко официалдуу түрдө Беларусиянын президенттик кызматына төртүнчү ирет киришкен. [14].
- 23 январь:
- Португалия шайлоодо өлкө башчысын шайлап, ал мурдагы мамлекет башчы Анибал Каваку Силва болгон. [15].
- Пакистандын түштүгүндө автобус бензовоз менен кагылыша кетип, 32 адам каза болуп, 9 киши жаракат алышкан. [16].
- 24-январь — Москва шаарындагы Домодедово (аэропорт) аэропортунда теракт болуп, 37 адам каза тапкан. [17], ранены 180 человек[18].
- 25-январь — Египтте Хосни Мубаракка каршы массалык акциялар башталган.
- 26—30-январь — 41-чи Эл аралык экономикалык форум (Давос, Швейцария)[19].
- 27-январь — 6-февраль — 25-чи кышкы Универсиада (Эрзурум, Турция)[20].
- 29-январь — Египеттеги массалык толкундоолор учурунда мародёрлор Каир шаарындагы улуттук музейдеги фараондордун эки мумиясын жок кылышып, байыркы баалуу коллекцияларды талкалоого аракет кылышкан. [21].
- 30-январь — 6-февраль күндөрү — VII Кышкы Азия оюндары (Астана, Казакстан)
- 31-января — Казакстандын Конституциялык кеңеши президенттин кайрылуусун карап чыгып, президенттик мөөнөттү узартуу үчүн өткөрүлө турчу референдумду мыйзамсыз деп тааныган. Нурсултан Назарбаев бул чечим менен макул болуп, кезексиз президенттик шайлоолорду өткөрүүгө чакыргын. [22].
- 1-февраль — Иорданиянын падышасы Абдалла II мурдагы аскер кеешчи Маруф аль-Бахитти жаңы өкмөт башчы кылып дайындады. [23].
- 3-февраль — Йемендин борбор шаары Сана шаарында өлкө президенти Али Абдалла Салехтин кызматтан кетүүсүн талап кылып, 20 миң адам чогулган. [24]..
- 6-февраль — Арлингтон шаарында (Техас штаты, АКШ) XLV Супер Боул оюунуөткөн [25].
- 7-февраль:
- Судандын президенти Омар аль-Башир Түштүк Судандын эгемендүүлүгүн тааныган [26].
- Фиджи мамлекетинин мурдагы президенти Рату Джозефа Илойло 91 жашында дүйнө салган. [27].
- 8-февраль:
- Түштүк Корея жана КЭДР эки жааттуу сүйлөшүүлөрдү башташты. Жолугушуу Пханмунчжом кыштагына жакын жерде өттү. [28].
- Израиль археологдору библиядагы (христиан дининдеги) Захария пайгамбардын көмүлгөн жерин табышкандыгын жарыялашкан. Пайгамбар коюлган жер Иудея жериндеги V—VII кылымдарга таандык византиялык чиркөөдө болгон. [29].
- 9-февраль —
- Египеттеги толкундоолор:
- Египеттин президенти Хосни Мубарактын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан жүздөгөн адамдар жергиликтүү Египет парламентинин имаратын тосуп алышкан.[30].
- Египеттин башка шаарларында саясий жана экономикалык талаптары менен жумушчулардын массалык баш аламандыктары башталган. [30].
- Египеттеги толкундоолор:
- 11-февраль — Египеттин президенти Хосни Мубарак кызматынан кетти[31].
- 13-февраль:
- 15-февраль:
- Америкалык Stardust-NeXT планета аралык зонду Tempel 1 аталышындагы кометага жакын жерден өткөн. Ал кометага эң жакын өткөндүгү - 181 км алыс жерден өткөндүгү. [34].
- Ливияда Муамар Каддафинин каршылаштары жана жактоочулары ортосунда жарандык согуш башталган.
- 17-февраль — Кыргызстандагы чокулардын бирине Орусиянын президенти Путиндинаты ыйгарылган[35].
- 18-февраль — ТАР (Түштүк-Африка Республикасы официалдуу түрдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн БРИК тизмесине кошулду.[36].
- 20-февраль — Хаапсалу шаарында (Эстония) майыл балдар үйүндө өрт чыгып, 10 бала өлгөн.[37].
- 22-февраль:
- Перу менен Ливия Ливиядагы көтөрүлүштөрдөн улам дипломатиялык байланыштарын үзүштү. [38].
- Жаңы Зеландиядагы Крайстчерч шаарында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөөнүн курмандыгы 166 адам болсо, 122 киши дайынсыз жоголгон[39].
- 23-февраль — Сенегал Иран өлкөсү менен болгон дипломаттык мамилелерин үзгөн. Себеби, Сенегал Иранды көтөрүлүшчүлөрдү курал-жарак менен камсыз кылган деп айыптап чыккан [40]
- 24-февраль — Дүйнөдөгү эң ири аэропортторунун бири болгон Дубайдагы Аль-Мактум аэропорту ачылган.[41].
- 27-февраль — АКШнын Лос-Анжелес шаарында 83-чү Оскар сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өткөн. Жылдын мыкты кинотасмасы болуп — «Падыша сүйлөйт!» фильми таанылган. [42].
- 28-февраль — Японияда дүйнөдө биринчи жолу роботтор катышкан марафон болуп өткөн[43][44].
- 1-март — Россияда милиция «полиция» болуп өзгөрүлгөн[45].
- 3-март — Египеттин премьер-минситри Ахмед Шафик бийликтен кетип, өлкөнүн Жогорку аскердик совети анын ордуна мурдагы транспорт министри Эссам Шарафанды койгон[46].
- 6-март:
- 9 март — «Дискавери» шаттл-кемеси өзүнүн 27-жылдык карьерасын Кеннеди атындагы космостук борбордо ийгиликтүү конуу менен жыйынтыктаган.[49][50].
- 11-март — Японияда күчү 9,0 баллга жеткен жер титирөө болгон [51] [52].
- 12-март — Жер титирөөдөн жабыр тарткан япондук «Фукусима-1»АЭСинде ири авария болгон. Станциянын аймагында радиациянын деңгээли нормалдуу көрсөткүчтөн 20 эсе көп болгон.[53].
- 14-март — Бахрейн өлкөсүндө көтөрүлүштөн улам Сауд Арабиясынан аскерлер жана БАЭнан 500 полициялык күчтөр жиберилген. [54].
- 15-март:
- Фукусима I станциясында экинчи жана төртүнчү энергоблокторунда жарылуулар болуп, төртүнчү энергоблокто өрт чыккан.
- Сирияда жарандык согуштун башталышы[55].
- 19-март:
- Египетте Конституцияга өзгөрүү киргизүү тууралуу референдум өтүп, анда көпчүлүк эл өзгөрүүгө макул деген добушун беришкен.[56].
- Франциянын, Улуу Британиянын жана АКШнын аскердик-аба күчтөрү Муаммар Каддафинин колунда турган Ливиянын аймактарын бомбьалоого киришкен.[57].
- 23-март — Иерусалимде болгон террордук акттан 1 киши каза болуп, 35 адам жаракат алган.[58].
- 24-март — Мьянмада күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, 60тай адам каза болгон жана 90дон кем эмес адам жаракат алышкан.[59].
- 28-март — Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак үй камагына чыгарылды [60].
- 1 апрель — Россия жана Беларусиянын ортосундагы чек арада транспорттук көзөмөл алынган. [61].
- 3 Апрель (Чын куран) — Казакстандагы кезексиз президенттик шайлоолордо Нурсултан Назарбаев төртүнчү мөөнөткө кайра шайланган.
- 4 Апрель (Чын куран)
- Демократиялуу Конго Республикасынын борбору Киншаса шаарында «CRJ-100» учагы кулап, 32 адам каза болгон.а[62].
- Индонезиядагы жер титирөөлөрдүн күчү 7 баллга жеткен.
- 7 Апрель (Чын куран) — Атифете Яхьяга Косово Республикасынын президенти болуп шайланды (Косовонун тарыхында биринчи жолу айым-президент)[63].
- 11 Апрель (Чын куран)
- Шайлоонун жыйынтыгна макул болбогон Кот-д’Ивуардын мурдагы президенти Лоран Гбагбону француз спецназы кармап, мыйзамдуу кандидат Алассан Уаттарга өткөрүп беришкен [64].
- Минск шаарында метронун «Октябрьская» станциясында террордук акт болуп, анын жыйынтыгында 15 адам каза болду[65], 204 адам жаракат алды[66].
- 17 Апрель (Чын куран)
- Финляндиядагы парламенттик шайлоолор. Жеңишке «Улуттук коалиция» партиясы жеткен.
- Кубанын Коммунисттик партиясынын VI съездинде өлкөдө саясий жана экономикалык реформасын караган.
- 19 Апрель (Чын куран)
- Сирияда жарым жылдан бери өлкөдө өкүм сүргөн өзгөчө кырдаал мыйзамы алынып, коопсуздук боюнча мамлекеттик сотту жеңилдетилген[67].
- Кубанын Коммунисттик партиясынын VI съездинде Фидель Кастро БКнын биринчи катчы кызматынын кетип, ордуна Рауль Кастро келген[68].
Илим
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: 2011-жыл илимде
Спорт
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: 2011-жыл спортто
Жыл адамы
түзөтүүTime журналынын версиясы боюнча жыл адамы болуп — «Каршылык көрсөткөн» (2011-жылы дүйнөдө болуп өткөн каршылык акцияларынын анонимдүү катышуучусу, абстракттык түшүнүк)[69].
Каза болгондор
түзөтүү- Ошондой эле караңыз: 2011 жылы каза болгондордун тизмеси
Нобель сыйлыгы
түзөтүү- Физика боюнча — Сол Перлмуттер, Брайан Шмидт, Адам Рисс.
- Химия боюнча — Дан Шехтман — «Квазикристаллдардын ачылышы үчүн».
- Медицина жана физиология боюнча — Жюль Хоффман, Брюс Бётлер — «тубаса иммунитеттин активдештирүүнү изилдөө иштери үчүн».
- Адабият боюнча — Томас Транстрёмер — «анын бизге чындыкка жаңыланган көз караш тартылоочу кыска образдары үчүн».
- Тынчтык үчүн — Элен Джонсон-Серлиф, Лейма Гбови, Тавакуль Карман — «Тынчтыкты сактоо процесстерге аялдардын катышуусун коопсуз кылуу үчүн жүргүзгөн зордуксузх күрөштөрү үчүн».
Дагы караңыз
түзөтүү2011 жыл Уикитекада? | |
2011 жыл Уикиказынада? | |
2011 жыл Уикижаңылыктарда? |
Шилтемелер
түзөтүүЭскертүүлөр
түзөтүү- ↑ UN declares 2011 as International Year of Chemistry. Archived 2010-12-19 at the Wayback Machine (англ.)
- ↑ БУУ — Ишчаралар жана маанилүү даталар — Эл аралык даталар
- ↑ International Year of Forests, 2011 (англ.)
- ↑ Эстония евро зонага кирди.
- ↑ Коопсуздук жана демократияны орнотуу — Литванын ЕККУга 2011-жылы төрагалык убагындагы эң негизги приоритеттери.
- ↑ Чилидеги жер титирөөлөр.
- ↑ Аризонадагы ок аткан айыпталуучудан күнөөлөр алынды. Лента.ру сайты (10 -январь (үчтүн айы) 2011).
- ↑ Ирандагы учактын кулашында каза болгондордун саны 77ге жетти.
- ↑ Казак Мажилиси президенттин укугун референдум жолу менен узартууга макулдугун берди.
- ↑ Тунистин президенти өлкөнү таштап кетти.(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Тунистин президенти өлкөдөн чыгып кетти, Лента.ру сайты (14 января 2011).
- ↑ Назарбаев өзүнүн мөөнөтүн узартуучу чечимге кол койгон жок.. Текшерилген күнү 18 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 20 -январь (үчтүн айы) 2011.
- ↑ Пакистандын түштүк-батышында катуу жер титирөө болду.
- ↑ Лукашенко төртүнчү жолу президент болду.
- ↑ Каваку Силва кайрадан Португалиянын президенти болду..
- ↑ Пакистанда автобус менен бензовоз сүзүшүп, жыйынтыгында 32 адам өрттөн каза болду., Newsru.com (23-январь 2011). Архивировано из первоисточника 19 -август (баш оона) 2011. Текшерилген күнү 18 Апрель 2016.
- ↑ «Домодедоводогу» теракттын 37-жабырлануучусу каза болду.
- ↑ Домодедово аэропотундагы жардыруулардан улам 180 адам жарадар болушту.
- ↑ Эл аралык экономикалык форум-2011 жалпы иштөө тартибин издейт.
- ↑ Түркиянын Эрзуруме шаарында 25-чи дүйнөлүк кышкы универсиада башталды.
- ↑ Египетте мародерлор фараондордун мумиясын талкалашты.
- ↑ Назарбаев кезексиз президенттик щшайлоолорду өткөрүүнү сунуштады.
- ↑ Иордания падышасы өкмөттү таратты, Слон.ру (1-февраль 2011 жыл).
- ↑ Президенттин колдоочулары жана каршылаштары Йемендин борборунда кез келишти., NEWSru.com (3-февраль 2011 жыл).
- ↑ «XLV-Супер Боулга» келген көрүүчүлөрдүн саны жаңы рекорд койду..
- ↑ Президент Омар аль-Башир Түштүк Судандын эгемендүүлүгүн тааныды.
- ↑ Former Fijian president dies, aged 91. Archived 2011-02-17 at the Wayback Machine (англ.)
- ↑ South Korea agrees to humanitarian talks with North Korea (en), CNN (9 февраля 2011 года).
- ↑ Библиядагы пайгамбар Захариянын коюлган жери табылды, Лента.ру (8-февраль 2011-жыл).
- ↑ 30.0 30.1 Египеттеги толкундоолор, Lenta.ru (9-февраль 2011).
- ↑ Хосни Мубарак отставкага кетти.
- ↑ Чаддагы парламенттик шайлоолордо 9 жылдан бери биринчи жолу оппозиция да ат салышат, Орусия үнү (13-февраль 2011-жыл). Архивировано из первоисточника 10 -январь (үчтүн айы) 2012. Текшерилген күнү 19 Апрель 2016.
- ↑ Египеттин Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку совети парламентти таркатып, конституцияны жараксыз деп тааныды, РИА Новости (13-февраль 2011-жылы).
- ↑ Темпель кометасы менен жолугушуу-2, infox.ru (15-февраль 2011-жыл).
- ↑ Кыргыз депутаттары тоолордун бирине Путиндин атын ыйгарышты.
- ↑ ТАР мамлекети БРИК тобуна кошулду, Лента.Ру сайты (18-февраль 2011-жылы).
- ↑ Ten children die in Estonia orphanage fire. Archived 2011-02-21 at the Wayback Machine (англ.)
- ↑ Перу өкмөтү Ливия менен болгон дипломатиялык мамилелерди токтоттту — Новости РБК-Украина.
- ↑ Missing list drops but bodies still not identified. (англ.)
- ↑ Сенегал Иран менен болгон дипломатиялык мамилесин токтотту, vesti.ru (23-февраль 2011-жыл).
- ↑ Дубайдагы эң ири аба бекет жүргүнчүлөрдү кабыл ала баштады.. Текшерилген күнү 19 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 23 -май (бугу) 2012.
- ↑ Америкалык киноакадемиктер «Падыша сүйлөйт!» тасмасын жылдын мыкты тасмасы деп таанышты
- ↑ Японияда роботтордун биринчи марафону болду
- ↑ Роботтор жарышындагы видеоролик. (англ.)
- ↑ Федеральный закон «О полиции».. Текшерилген күнү 19 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 1 -февраль (бирдин айы) 2011.
- ↑ Египеттин премьер-министри отставкага кетти, infox.ru (3-март 2011-жыл).
- ↑ Реформалар партиясы Эстониядагы парламенттик шайлоону жеңип алды.
- ↑ эгемендүүлүк үчүн митинг өттү.(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Discovery’s Final Touchdown A Success. redOrbit.com. Текшерилген күнү 9 -март (жалган куран) 2011. Түп булактан архивделген күнү 22 -август (баш оона) 2011. (англ.)
- ↑ Самый заслуженный из американских кораблей многоразового использования "Дискавери" завершает свою 27-летнюю карьеру. Би-би-си, Русская служба. Текшерилген күнү 10 марта 2011. Түп булактан архивделген күнү 22 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Magnitude 9.0 — NEAR THE EAST COAST OF HONSHU, JAPAN. Archived 2011-03-12 at the Wayback Machine (англ.)
- ↑ Tsunami warning center raises magnitude of Japan quake to 9.1. Honolulu Star-Advertiser. Текшерилген күнү 11 -март (жалган куран) 2011. Түп булактан архивделген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2012. Япониядагы жер титирөөлөр кыйрагыч цунамининин пайда болуунун себеби болду. Толкундун бийиктиги 10 м.ге чейин жетип жатты]
- ↑ «Фукусима-1» АЭСиндеги авария.
- ↑ БАЭ өзүнүн полиция кызматкерлерин Бахрейнге жөнөттү. РБК (14 -март (жалган куран) 2011). Текшерилген күнү 22 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2014.
- ↑ Demonstrations erupt across Syria as unrest sweeps on, The Scotsman (18 March 2011). Архивировано из первоисточника 15 -ноябрь (жетинин айы) 2015. Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2011. (англ.)
- ↑ Египетте Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө макул болушту.
- ↑ Согуштун биринчи күнү.
- ↑ Иерусалимдеги терактта бир киши набыт болду. Archived 2011-10-17 at the Wayback Machine
- ↑ Мьянмадагы жер титирөөдө каза болгондорждун саны 60ка жетти.(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Египеттин экс-президенти Хосни Мубаракты камакка алышты.. Текшерилген күнү 22 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2011.
- ↑ Орусия жана Беларусиянын чек арасында транспорттук текшерүү алынды..
- ↑ UPDATE 6-U.N. plane crashes in Congo killing 32. (англ.). Текшерилген күнү 22 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 26 -май (бугу) 2012.
- ↑ А. Яхьяга Косовонун президенти болду. РБК (7-апрель 2011 жыл). Түп булактан архивделген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2012.
- ↑ Француз аскерлери Лоран Гбагбону кармашты.
- ↑ Минск шаарындагы террордук чабуулду уюштургандардын аттары аталды. // Актуалдуу комментарийлер, 20-июль 2011
- ↑ Минсктеги теракттын үч версиясы.. Текшерилген күнү 23 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 15 -ноябрь (жетинин айы) 2011.
- ↑ Сириянын өкмөтү өзгөчө кырдаалды алып салды.. Текшерилген күнү 23 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 11 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Фидель Кастро кызматтан кетти, Коммерсантъ (19 апреля 2011).
- ↑ Time журналыжыл адамы деп «нааразычылык адамын» атады.