Бабер, Захирад-дин Мухаммед [14. 2. 1483, Фергана өрөөнү, Аксыкент (Ахси) шаары 26. 12. 1530, Индостан, Агра шаары] Индияда Моголдор мамлекетинин (1526) негиздөөчүсү; мамлекеттик ишмер, акын жана жазуучу. Тимуриддер тукумунан; Омор-Шайыктын уулу. Бабер 12 жашында атасынан Фергана тагын мурастап калган. Аз убакыт ичинде ал Исфара, Кожент жана башка ш-ды өзүнө багындырган. Амударыя менен Сырдарыянын аралыгында (Мавереннахр) бирдиктүү мамлекет курууга аракеттенген жана аны ишке ашыруу үчүн башка хандар жана бектер менен таймашып келген. 1501-жылы Бабер Самарканды басып алган, бирок Мухаммед Шейбанинин аскерлерине туруштук бере албай, ошол эле жылы шаарды калтырып кеткен. 1504-жылы Шейбани башында турган көчмөн өзбектер Бабурду Ферганадан кууп чыккан соң, ал Афганстанга кетүүгө аргасыз болгон. Ошол эле жылы Бабур азыркы Кабул шаарын каратып алган. Анын 1512-жылга чейин өз мекени Бухара менен Самаркан аймактарын кайра алуу үчүн күрөшүнөн майнап чыккан эмес. 1519-жана башка Индияга жортуул жасап, 1525-жылы Делиге аттанган. Делинин башкаруучусу Ибрагим Лоди менен 1526-жылы Панипата талаасында, 1527-жылы Раджпут князы Сангра Сингхти Кхануанын жанында жеңип чыгып, 1529-жылга чейин ал Чыгыш Афганстанды, Пенджабды, Ганг өрөөнүн Бенгалиянын чегине чейин өзүнө каратып алып, бул аймакта Могол империясын негиздеген. Мамлекеттин борбору Дели ш. болгон. Бабур мамлекеттин экономикасын, сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган. Шейбаниддер мамлекети менен жоолашып келгендигине карабастан Орто Азия элдери менен соода жана элчилик карым-катнаштарды түзүүгө аракеттенген. Орус жылнаамалык даректерине караганда Бабур Россияга, Василий III Ивановичке достук, соода катнаштарын түзүү тууралуу кат жазып, 1532-жылы элчи жиберет. Жаңы мамлекет Улуу Могол империясы Индияны англичандар басып алганга чейин (1856) өкүм сүргөн. Бабур Агра шаарында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Кабул шарына алып келинип, Шердарбаза тоосунун этегине коюлган. Бул жер «Бабур багы» деп аталат. Ал өзүнүн өмүр жолу, саясий ишмердиги тууралуу атактуу «Бабурнаама» китебин жазган. Бабур лирикалык ырлардын, аруз жөнүндөгү трактаттын (ыр жазуу өнөрү тууралуу) бир канча китептердин автору. Көп эмгектери кыргыз тилине да которулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү