Багратиондор - 9-19-кылымдагы грузин падышаларынын династиясы. Багратиондор Спери (Түркиядагы азыркы Испири) провинциясынан чыгышкан. 9-кылымдын 1-жарымында Ашот I Түштүк Грузияда күчтүү Тао-Кларжети княздыгын түзөт. Давид Строитель (1089-1125), Георгий III (115684), Тамара (1184-1213) Багаратиондордун көрүнүктүү өкүлдөрү болушкан. 15-кылымдын аягында Грузия мамлекети кулагандан кийин, Б. Картлий, Кахетин жана Имеретин падышачылыктарын башкарган. Багратиондордун падышалык бийлиги 1801-жылы Грузия Россиянын курамына кошулгандан кийин жоюлуп, анын бир бутагы орус княздарынын катарына кошулган. Багратиондордон Вахушти, Давид өңдүү тарыхчылар, орус полководеци П. И. Багратион сыяктуу белгилүү адамдар чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү