Падыша, бадыша, пааша, шаа — «Манас» эпосунда бийлик титулу жана ушундай титулу бар каармандарга карата айтылган эпитет. Бул термин кыргыздар Орто Азияга келгенден кийин гана коңшу элдерден кабыл алынып «кан» деген титулга синоним катарында колдонула баштаган. П. титулу «Манас» эпосуна кирип, Манаска титулдук эпитет маанисинде көркөм каражат милдетин аткарып калган. Бирок, тарыхый болгон феодалдык П-лардын коомдук абалы менен эпостордун башкы каармандарынын ушул аракеттерин салыштырып караганда алардын ортосунда идеялык жалпылык болбогондугу айкын көрүнөт. Ал эми «Манас» эпосунда «кан» деген титулдук эпитет кандай мааниде колдонулуп, кандай эпикалык милдет аткарып турса П. «султан», «төрө» деген титулдук наамдарды да ошол эле мааниде кабыл алып, алар аркылуу Манас баатырдын мамлекет тибине биригип, баш кошкон кыргыз элинин улугу, эң жогорку башкаруучу абалы атайын белгиленет. Бирок, эпосто идеалдаштырылган анын бөтөнчө, артыкчылык абалы башкача айтканда падышалык титул жалаң Манаска таандык деген түшүнүк берилбейт. П. титулу мүнөздөмө эпитет маанисинде Манастан башка негизги оң, терс каармандарга карата сейрек болсо да колдонулат. Мисалы, кытай кандарынын башкы каны — Эсенкан «Падышадан үч кайта Келген киши жоголду» (Сагымбай Орозбаков, 2. 13), «Кетте пааша Алооке» (Сагымбай Орозбаков, 2. 170), — деп эпостун поэтикалык стилине ылайык бадыша, пааша, шаа формасында айтылган бул титулдук эпитеттин мааниси каармандардын индивидуалдуулук, типтик өзгөчөлүк, образдагы орчундуу белгини так ачып берүү мүмкүнчүлүгү менен байланышкан. Демек, «Манас» эпосунун башкы жана негизги оң, терс каармандарына карата колдонулган П. эпитети ал каармандардын өзгөчө бир белгисин тактоо аркылуу алардын образынын таамай мүнөздөлүшү үчүн шарт түзүү өзгөчөлүгүнө ээ титулдук эпитеттин бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4