Багыш
Багыш — кыргыздардын оң канат урууларынын тагай уруулук бирикмесинин курамындагы уруу. Санжыралык уламыш боюнча, Тагай бий ак үйлүү болуп Эреше Ханга барганда, ал жерден үйлөнүп, аялы боюнда бар кезде мекенине кайтып келет. Кетер алдында аялына: «эгер эркек бала төрөсөң, Эр жеткенде анын улуту кыргыз, атасы Тагай экендигин айт, азамат болсо мени издеп табаар. Кыз болсо, өзүң бил», деп айтып, белги катары кестигин (бычагын) калтырып кетиптир. Тагай бий кеткенден кийин аялы эркек төрөп, атын Ороз коёт. Бирок анын кичине кезиндеги ылакап аты Жанк Ороз болгон экен (Жанк - таза деген сөз). Эр жеткенде Карачоро атасынын чоо-жайын угуп, аны издеп, жолго чыгып. Жолдон Саяк, Азык жана Черике (Шерик болушу толук ыктымал. Азыр Саяк менен Черик уруусу Нарын облусунда жашайт). Эл аны Тагайдын уулу Карачоро деген ат менен тааныйт. Уламыштагы маалыматтар боюнча Карачоро, (Жанк Ороз). Карачоро жөн үч уул Балта, Багыш, Келдике. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, багыш уруусу кыргыздардын Чоңбагыш, Сарыбагыш, Карабагыш уруулары менен тектеш уруулардан болгондугун алардын этнонимдери аркылуу белгилешип, бул уруулардын түпкү тегин о. кылымдардагы түштүк сибирлик кыргыздар менен байланыштырат. Этнограф С. М. Абрамзондун пикири боюнча, багыш этноними байыркы мезгилдеп тотемдик түшүнүктөн жаралган. Окумуштуу анын жаралуу генезиси Түштүк Сибирь аймагында болгон деген жыйынтыкка келген. Анткени багыш аттуу жаныбар Теңир-Тоо аймагында жашабайт, ал тараган ареал Түштүк Сибирь аймагын камтыйт деген көзкарашын билдирген. Багыш уруусу ожубак, коржу, көнөк, көкүм, бадам, кошпычак, эрназарбек жана могол уруктарына тарайт. Суумурун (Нурмамбет) уруусу Чүй облусунун Ысык-Ата районунда турат жана Келдике (көнөк) деп аталган бөлүктөрү солто менен сарыбагыш урууларынын курамына аралашып кеткен. Ожубак-кандуу моюн, көкүм-доскулу, коржу-мадемил, майдан бутактарына тарайт. Бадам уругу куттуксейит, узунжете, алакуржун, акмончок, көкмончок, аккөйнөк, байтөбөт, чычар жана башка топторго бөлүнөт. Көнөк уругу сарыгул, төмөнчекти, баястан, ырай, күчүк, найман жана башка топторго ажырайт. Багыш уруусунун ичиндеги могол, найман, черик уруктары бул урууга кыргыздын аталган урууларынын бөлүктөрүнөн кошулгандыгын далилдешет. Б. уруусу жайгашкан чөлкөмдөргө Алабука районунун басымдуу аймактары: Чаткал, Аксы, Талас, Токтогул райондорунун айрым жерлери кирет. Мындан тышкары, Чүйдө солто уруусунун ичиндеги суумурун (нурмамбет) жана Кочкордогу сарыбагыштардын арасындагы келдике уруктары Б. уруусунан тараган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1