Бадаев Алексей Егорович (4. 2. 1883-3. И. 1951) - советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер. 1904-жылдан Компартиянын мүчөсү.

Петербургдагы Александров заводунда жана Николаев т. ж. станциясында слесарь болуп иштеген. 1912-ж. Петербург жумушчуларынын жана Петербург губерниясынан 4-Мамлекеттик думага депутат. Мында ал большевиктер фракциясынын мүчөсү болгон. 1913-ж. РСДРП БКнын Краков жана Поронино кеңешмелерине катышкан. РСДРПнин Петербург комитети менен БКнын Орус бюросунун мүчөсү (1913-14). 1914-ж. Думадагы большевиктер фракциясынын 5 мүчөсү менен камакка алынып, Турухан крайына сүргүнгө айдалган. 1917-ж. Февр. революциясынан кийин Петроград шаардык думасына шайланып, Петроградда Октябрь куралдуу көтөрүлүшүнө катышты. Октябрь революциясынан кийин Петроград азык-түлүк башкармасынын председателп, Петроград жана Түндүк областынын азык-түлүк комиссары.

1925-ж. Ленинград губаткомунун председателинин орун басары, 1930-ж. Центросоюздун председатели, Москва Советинин председателинин орун басары. СССР БАКтын мүчөсү, 1938-43-ж. РСФСР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели жана СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председателинин орун басары. Партиянын 11- 13-съезддеринде РКП (б) БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 14-18-съездде-ринде БКнын мүчөсү. 2 Ленин ордени ж. б. орден, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.