Бадам сымал безлимфа системасынын органы. Ооз көңдөйү менен кулкунда жайгашкан. Ал организмди оорутуучу микроорганизмден коргоого жана иммунитет пайда кылууга катышат. Бадам сымал бездин эң ириси — таңдай бездери. Ал оозду чоң ачканда кичине тилдин оң жана сол жагынан көрүнөт. Бадам сымал без сүйрү, демейде мала кызыл түстө, үстүңкү бети бүдүрлүү келип, ийри-буйру чуңкур изи (лакуналар) болот. Анда микробдор көп чогулат, сезгенгенде (Ангина) аны былжыр челдин сыйрылган клеткаларынан, ак кан денечелерден — лейкоциттерден жана тамак-аштын майда бөлүкчөлөрүнөн пайда болгон кебер каптайт. Кишиде таңдай Бадам сымал безден башка тил (тилдин түбүндө), кулкун жана түтүкчө бездер (кулкунда) болот. Таңдай безинин өнөкөт сезгенүү процессинде (к.Тонзиллит) анын коргоо функциясы бузулуп, ал организм үчүн коркунучтуу ириңдетүүчү микробдун очогуна айланат. Бул учурда жакшылап дарылоо керек; операция менен дарылоону организмдин жеке өзгөчөлүгүнө жараша доктор чечет. Бадам сымал бездин абалы анын көлөмүнө жараша болбойт. Кээде кичинекей Бадам сымал безде организмге тескери таасир этүүчү микробдор жана алардын тиричилик азык-түлүгүндө көп болот, тескерисинче бездин чоң болушу анын оорулуу экенин көрсөтпөйт. Бирок өтө чоңоюп кеткенде дем алууну жана тамак жутууну кыйындатат. Бул учурда анын бир бөлүгүн кесип салууга туура келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1