Бажы тарифи – КР бажы мыйзамдары боюнча КР бажы чек-арасы аркылуу алынып өтүүчү товарларга карата колдонулуучу жана тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык тутумдаштырылган бажы алымдарынын ставкаларынын жыйнагы. Бажы тарифинин түрлөрү: автономдук мамлекеттер тарабынан бир тараптуу белгиленет, конвенциялык мамлекеттер тарабынан эларалык макулдашууларга ылайык белгиленет жана эреже катары, ставкалары төмөнүрөөк болот. Айрым өлкөлөр (Канада, Индия) айрым өлкөлөргө автономдуу, кээ бирине конвенциялык тарифти колдонуу менен бажы тарифинин эки түрүн тең пайдаланышат. Бажы тарифинин алымдарына чен көбүнчө товарлардын наркынан процент түрүндө белгиленет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү