Базардык маалымат - белгилүү бир башкаруу чечимин кабыл алууда, базар алкагын иликтеп үйрөнүүдө зарыл болуучу базар мамилелерине тиешелүү жактарын (суроо-талап жана сунуш, базарда түзүлгөн жагдай, баа ж.б.) чагылдыруучу жана иштин абалын айкындоочу маалыматтар.

Булар экономикалык, социалдык, демографиялык ж.б. нуктагы маалыматтар болушу мүмкүн. Ар бир конкреттүү маалыматка карата анын кимге, качан, эмне үчүн керектигин тактоо өтө маанилүү болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9