Базартурук - Жумгал районундагы суу, Жумгал суусунун сол куймасы. Узундугу 34 км, алабынын аянты 270 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3100 м, эң бийик жери 4155 м (Кызарт кырка тоосунда). Соң-Көл тоосунун түндүгү, Кызарт тоосунун түштүгү жана түндук капталдарынан суусу чогулат. Суу кууш колот аркылуу агып, Соң-Көл, Килемче суулары кошулгандан кийин Базартурук деп аталып, Кызарт суусуна кошулат. Жылдык орточо чыгымы 2,80 м3/сек, эң көбү май–июнда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Базартурук, Карачий кыштагы жайгашкан.

Базартурук
Мүнөздөмө
Узундугу 34 км
бассейндин аянты 270 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2