Махабат Байгабылова

Кыргызстандык актриса
Байгабылова, Махабат Токтогуловна‎»‎ барагынан багытталды)
Махабат Токтогуловна Байгабылова
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Махабат Токтогуловна Байгабылова
Туулган жылы: 5-декабрь 1972-жыл
Туулган жери: Каракол шаары, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти, театр режиссеру
Наамдары:

Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты

Театр: "Адеми" театры,
Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры

Байгабылова, Махабат Токтогуловна - театр жана кино артисти.

Кыскача таржымалы түзөтүү

Махабат Байгабылова 1990-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы педагогикалык институтунун математика факультетине кирип, бир жарым жыл окугандан кийин таштап кеткен.
Андан соң 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайына келип кирген.
1997-2001-жылдары Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуп, аяктаган.
2000-жылдан 2004-жылга чейин "Адеми" театрында актриса жана көркөм жетекчи, режиссер болуп эмгектенген.
2004-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында актриса болуп кызматка кирген.
2006-жылдан тартып актриса болуп эмгектенүү менен бирге ЮНИСЕФ менен КТРК биргелешкен эларалык "Керемет көч" долбоорунда эмгектенип, ушул мезгилге чейин ийгиликтүү иштеп келүүдө.

Чыгармачылык таржымалы түзөтүү

М. Байгабылованын театрдагы дебюту 1997-жылы драмаиург жана режиссер Ж.Кулмамбетов тарабынан сахналаштырылган "Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза!" спектаклиндеги Кара кийимчен аялдын ролунан башталат.
2002-жылдан баштап ал "Адеми" театрында актриса, режиссер жана көркөм жетекчи болуп эмгектенип, балдар үчүн режиссер катары "Кызыл топу" спектаклин коет. Бул спектаклде М.Байгабылова өзү да бир нече ролду кыргыз жана орус тилинде аткарат.
2004-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында "Талант жана тагдыр" спектакли коюлганда Орус кыздын образын өтө ийгиликтүү чыгарган.
Бирок, М.Байгабылованын аты Кыргызстанга атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын ролу менен таанылды. Алгачкы жолу бул ролду ал 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында "Чыңгыз менен Бүбүсара" драмасы коюлганда, андан соң 2008-жылы ушул эле аталыштагы көркөм фильм тартылганда башкы ролду - Бүбүсара Бейшеналиеванын ролун ойногон.
Б.Бейшеналиванын ролунан кийин М.Байгабылова 2006-2007-жылдары "Керемет көч" анимациялык телесериалынын 260 сериясында Актан менен Акылайдын ролдорунун үнүн коштогон.
Кийинки жылдары ушул эле телесериалдын башка ролдорун да үндөрүн ийгиликтүү аткарып келе жатат.
Бүбүсара Бейшеналиеванын кинодогу ролунан кийин М.Байгабылова "Кандуу сүйүү -2", "Мен сага ишенем", "Возвращение блудной дочери" кинофильмдеринде чоң-чоң ролдорду аткарган.
2006-жылы Бүбүсара Бейшеналиеванын ролу үчүн М.Байгабылова Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыкка татыган.

Театрда жана кинодогу ролдору түзөтүү

Кара кийимчен аял ("Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза!", спектакль).
Красная шапочка, Мама Красной шапочки,Бабушка Красной шапочки ("Красная шапочка", спектакль).
Орус кыз ("Талант жана тагдыр", спектакль).
Бүбүсара ("Чыңгыз менен Бүбүсара", спектакль).
Актан, Акылай, Апасы ж.б. ("Керемет көч", анимациялык телесериал).
Бүбүсара ("Чыңгыз менен Бүбүсара", көркөм фильм).
Врач ("Кандуу сүйүү -2", көркөм фильм).
Калыйкан ("Чыңгыз менен Бүбүсара", көркөм фильм).
Мама Розы ("Возвращение блудной дочери", көркөм фильм).
Мать героини ("Дотянуться до небес", көркөм фильм).

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү