Байгабылов, Талантбек (Талант)

Байгабылов, Талантбек (Талант) (1921–1992) - жазуучу, акын. 1921-жылы 14-майда Талас районундагы Кырк-Казык айылында туулган. 1940-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1952-жылы мугалимдер институтун, 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик пединститутунун тил жана адабият факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1940-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1951-жылы Талас облусунун Покровка райондук «Ленин жолу» гезитинин редактору, 1957-жылы Талас райондук аткаруу комитетинин маданият бөлүмүнүн башчысы, 1958-жылы Таластагы «Лениндик туу» гезитинин бөлүм башчысы болуп иштеген.

Чыгармалары 1943-жылдан тартып жарыялана баштаган. «Менин досторум» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1952-жылы жарык көргөн.

1958-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1959-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени, «Эрдик үчүн», «Ленинградды коргогондугу үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн», «Эмгек ветераны» медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамоталары, СССРдин Эл агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Эл агартуунун отличниги.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

...

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Менин досторум: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 64 б.
  • Бактылуу жаштар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 104 б.
  • Дайыма бирге: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 105 б.
  • Өчпөс жарык: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 167 б.
  • Тоо эчкинин улагы: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 70 б.
  • Мергендин сыры: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 127 б.
  • Жашыл-Сай: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 176 б.
  • Күүлөр: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 92 б.
  • Айыбы ачылгандар: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. –89 б.
  • Досторумдун жолунда: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1966. –230 б.
  • Каалоо: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 70 б.
  • Күкүк. – Ф.: Мектеп, 1967. –27 б.
  • Биз биргебиз: Роман. – Ф.: Мектеп, 1968. –422 б.
  • Үмүтүм: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. –13 б.
  • Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 224 б.
  • Жол сыры: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 108 б.
  • Кыя жолдор: Роман. – Ф.: Адабият, 1989. – 208 б.
  • Жагоочон балдар: Аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1989. – 49 б.
  • Акматбек: Даректүү повесть: Жаштар үчүн. – Б.: Адабият, 1993. – 88 б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү