Байдарка - суу спорту менен туризминде колдонулуучу ичке, жеңил кайык. Анын калагы кырына бекибейт, үстү люктуу палуба менен жабылган, эки айчыктуу калак менен айдалып, бут менен башкарылуучу руль менен бурулат. Байдарка спорттук, туристтик жана парустук болуп бөлүнөт. Спорттук байдарка палубасы жабык, 1, 2, 4 орундуу оюкчалары (кокпити) бар, эки айчыктуу калак менен айдалуучу кайык. Спорттук байдарка жука фанерадан жасалып, салмагы 30 кгга жетет, толкунсуз тынч сууда жарышуу үчүн колдонулат. Туристтик байдарканынын тулку бүтүндүй же бүктөлмө түрүндө болуп, жыгач, темир жана пластмассадан жасалып, суу өткөрбөөчү материал менен капталат. Туристтик байдарка спорттукка караганда салмактуу ( 27-50 кг), эндүү, сыйымдуу, жүк көтөрүмдүү. Байдарка жана каноэде сүзүү башкача Эларалык союзу түзүлгөн (1924). Спорттун бул түрү 1936жылдан Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген, 1938-жылдан ар бир 4 жылда, ал эми 1971-жылдан дүйнөлүк жана европанын чемпионаты жылга өткөрүлөт. Парустук байдарка калак менен айдалуучу түрүнөн парусу жана тез сүзүшү менен айырмаланат. Байдарканын парустук түрү боюнча да спорттук мелдеш өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4