Байзак Жаркынбай уулу, Байзак баатыр, Байзак ажы - (1833, Жумгал өрөөнү 7.9. 1914, Жумгал өрөөнү, Көк-Ой деген жер) чекир саяк уруусунун кулжыгач уругунан чыккан манап. Ал кыргыз жергесинин чегарасын тактоого жана белгилөөгө чоң салым кошкон. Молдодон окуп, кат таанып, өз мезгилиндеги сабаттуу адамдардан болгон. Байзак кербендер менен Үрүмчү, Үчтурпан, Кашкар, Кулжага барып, кыргыздын чектери менен толук таанышып чыккан. Кийин эки жолу Ташкен, Кокон, Самаркан, Бухарага чейин барып, шаар калкынын турмуш-тиричилигин өздөштүрүп, таалим алган. Кыргыз-кытай чегарасын ажыратууда Байзакты орус экспедициясы кыргыз өкүлү катары катыштырып, анын чегараны тактоо ишинде «өзгөчө кызматы үчүн» 1883-ж. Россия императорлугу Станислав тасмасындагы күмүш медаль менен сыйлаган. Мындан тышкары, Жалал-Абад, Нарын уездеринин, казак, тажиктер менен да чек ажыратууга катышкан. 1871-79-ж. Пишпек уездиндеги Кулжыгач болуштугунун айылдарынын биринде бий, кийин болушка талапкерликке (кандидат) шайланган. 1879-85-ж. эки ирет шайлоодон өтүп, 6 жыл болуш, 1885-жылдан өмүрүнүн акырына чейин эл башчы болгон. 1879-ж. 30-январда «кызматта айырмаланып, өзгөчө берилгеидиги үчүн» Россия императорлугунун Станислав тасмасындагы кичи алтын медалы менен сыйланган. Ал Шабдан баатырдын жакын досу болгон. Эл арасында оозеки айтылып жүргөн баяндарда Байзак Шабдандын өмүрүнө кол салуу уюшулгандыгынан кабардар болору менен чечкиндүү чараларды колдонуп, аны өлүмдөн алып калгандыгы, ошондой эле Шабдан менен бирге Ош ,Алай тарапка барышып, Курманжан даткага атайы жолугушуп, анын күйөөсү Алымбек датканын. арбагына багыштап куран окутуп келишкендиги тууралуу да айтылат. Боом капчыгайын аралап өткөн жолду салууда кыргыздар тарабынан Байзактын да кол кабыш кылгандыгы тууралуу (Шабдан негизги аткаруучу-подрядчик болгон) архивдик документтерде баяндалат. 2003-ж. октябрь айында 170 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленип, анын алкагында илимий конференция өткөрүлгөн. 1994-ж. мурдагы Кайырма айылына анын ысмы берилген. Кийин бул жерде күмбөзү тургузулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4