Жумгал өрөөнү — да ушул окуругдун ичинде. Ал Кабактар менен Сонкөл-Тоонун түндүгүндөгү жана Жумгал-Тоонун түштүгүндөгү Тоо арасындагы өрөөн. Кызарт ашуусунун белинен Көкөмерен суусунун чатына чейин 80 км, туурасы эң кенен жеринде 25 км.Жеринин бети тилмеленген,түзөн жерлер сууларды бойлогон тектирлер. Таманы деңиз деңгээлинен 1500-2600 м бийикте, батышты карай эңкейиш. Өрөөн палеоген-неогендин чала камдашкан тектери менен төртүнчүлүк мезгилинин борпоң тектеринен турат. Өрөөн аркылуу Жумгал суусу агат, батышында ал Көкөмерен суусуна куят. Өрөөндүн түзөн жерлеринде ачык-курөң, коңур-күрөн, коңур топурактар тараган.

Өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук закон ченемдүүлүккө баш ийип жайгашкан.Өрөөндүн таманында,өзгөчө Көкөмерен өрөөнүнө жакын боз шыбактуу жарым чөл тараган. Кургак тала жана тала алкактары 1700-2700 м бийиктиктеги Тоо капталдарына орун алган. 3200-3300 мге чейин субальпы,андан жогору альпы шалбаары жайгашкан. Ыңгайлуу жерлери өздөштүрүлгөн, дан, тоют өсүмдүктөрү эгилет. Жүгөрү да бышып жетилет.