Байкал бүктөлүүсү - тоотек катмарларынын рифейден кембрийдин башталышына чейинки мезгилде бүктөлүүгө дуушарланган тоолуу аймак. 1932-ж. орус геологу Н. С. Шатский алгач бөлгөн; кийин Байкал бүктөлүүсүнүн башкы фазасы (учуру) веиддин башталышынан кембрийге чейинки (350-650 млн) мезгил катары такталган. Байкалиддер Орус платформасын түндүгүндө Тиманга чейин жээктеп, Сибирь платформасында Турухан зонасын, Енисей токол тоосун жана Чыгыш Саянды, Байкал тоолуу облусун курчап өнүгөт. Алар Индастанда, Араб аймагында, Жакынкы жана Ортоңку Чыгышта, Батыш Европада, альп структураларынын пайдубалдары көтөрүлгөн жерлерде, герциниддердин ичиндеги Ортоңку массивдер катары таралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4