Кембрийге чейинки мезгил

Кембрийге чейинки мезгил – жер кыртышынын геологиялык өсүп-өнүгүү тарыхындагы эң алгачкы мезгил; кембрий мезгилине чейин пайда болгон байыркы тектердин катмарлары. Азыркы күндөн 570–3500 млн жыл мурдагы геологиялык өсүп-өнүгүүлөрдү кучагына алып, узактыгы 2,9 млрд жылдан ашат. Эң байыркы тектердин пайда болуу жашы 3,5 млрд жылга жетет. Бул мезгил өз ичинен архей жана протерозой замандарынан турат. Алардын чек арасы 2,5–2,7 млрд жыл илгери болуп өткөн ири бүктөлүү циклдери жана граниттешүү процесстери менен аныкталат. Кембрийге чейинки мезгилдин Эл аралык стратиграфиялык жана геохронологиялык бирдиктүү шкаласы азырынча кабыл алына элек. Архей заманында пайда болгон тектер байыркы платформалардын астыңкы бөлүгүн (фундаментин) түзөт. Алар өтө метаморфизмделген тектерден (гнейс, амфиболит, мегматит, кристаллдуу сланец, кээде жеспилит, кварцит, мрамор жана башка) турат. Андан кийин пайда болгон тектер байыркы платформалардын жабуусу болуп эсептелет. Мында өтө метаморфизмделбеген кристаллдуу сланецтер, кварцтуу кумдук, кварцит, чополуу сланец, филлит жана ар кандай жанартоо тектери орун алган. Тектердин арасында органикалык калдыктар жокко эсе. Скелеттүү организм жолукпайт. Строматолиттер (көгүш жашыл балырлар), онколиттер (бактериялар), акретархтар, сабелидиттер, байыркы курттар (аннелиттер), медуза сыяктуулар кездешет. Темир, алюминий, марганец, алтын, мрамор, жез, никель, кобальт, коргошун, сейрек учуроочу металлдар жана башка топтолгон.

Кембрийге тоо тектер (Канада‎).

Тоо тектери бардык материктерде: Чыгыш Европа, Сибирь, Кытай-Корей, Түштүк Кытай, Индстан, Түндүк Америка, Түштүк Америка, Африка, Австралия, Антарктида, Кыргызстанда (Түндүк жана Ортоңку Теңир-Тоодо) жолугат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү