Байламталар - сүйлөмдөрдү же сүйлөм тизмесиндеги сөздөрдү өз ара тутумдаштыруучу кызматчы сөз.

Байламталар түзүлүшү жагынан жөнөкөй (а, ары, бирок ж. б. ) жана татаал (ал эми, анткени менен ж. б. ); мааниси, аткарган милдети боюнча, багындырбас: байланыштыргыч (ары, жана ж. б. ), каршылагыч (а, бирок ж. б. ), божомолдогуч (же, же болбосо ж. б. ) жана багындырма: себеп (анткени, себеби ж. б. ), шарттуу (эгер, эгерде), салыштырма (кандай, ошондой, канча, ошончо ж. б. ) болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.