Сүйлөм — синтаксистин изилдей жана үйрөтө турган негизги маселелеринин бири. Ал коомдук турмушта пикир алышуунун, башкача айтканда байланыш, катнаштын эң негизги каражаты болуп эсептелинет.

Сүйлөм ар кандай эле сөздөрдүн жыйындысынан түзүлө бербейт. Ал лексикалык-семантикалык маанилери боюнча жакындыгы бар, ошонун негизинде грамматикалык жактан байланышкан синтаксистик чакан бирдиктерден, б.а. сөз тизмектеринен жана сөздөн түзүлөт. грамматикалык жана интонациялык жактан уюшулган, белгилүү өлчөмдө жыйынтыктуу ойду билдирген сөз же сөздөрдүн тизмеги сүйлөм деп аталат. Бирок кадыресе сөз жана сөздүн айкашынан айырмаланып, сүйлөмдүн өзүнө гана мүнөздүү белгилери бар. Сүйлөмдүн эң негизги белгилеринин бири - предикативдүүлүк, б.а., сүйлөмдүн жалпы мазмунунун чындыкка болгон карым-катышы.

Предикативдүүлүктүн грамматикалык жалпы мааниси модалдуулук, синтаксистик чак жана жак аркылуу берилет. грамматикалык бул категориялардын ажырагыс биримдиги пикир алышуунун эң негизги каражаты болгон Сүйлөмдүн жаралышын шарттайт.

Булактар

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4