Байланыш-катыш систем модели
Байланыш-катыш систем модели (Communication System Model - Модел коммуникационной системы) төмөнкү жабдуулардан турат:
• компьютер же терминал;
• маалыматтарды жиберүүчү (кабыл алуучу) байланыш-катыш жабдуулары;
• маалыматтар жиберилүүчү байланыш-катыш каналы;
• башка компьютер.
Ошондой эле негизги модель компьютер арасында берилиштерди берүүнү башкарган програмдарды камтыган байланыш-катыштын програмдык жабдыктарынан турат. Эки компьютер бири-бирине байланышуу үчүн ар бир систем бирге иштей ала турган байланыш-катыштын програмдык жабдыкка ээ болуулары керек. Байланыш-катыш каналы берилиштерди жиберүүчү жабдуулардан кабыл ала турган аппаратурага чейинки жол болуп эсептелет.
Кошумча маалымат
түзөтүү- Байланыш-катыш линия
- Байланыш-катыш програмдык жабдыгы
- Байланыш-катыш тармагы
- Байланыш-катыш түзүлүштөрү
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак.-2004. ISBN 9967-14-014-3