Байрак токойлору — негизинен токойлуу жана талаа зонасынын түндук бөлүгүндөгү коктуколоттуу жерлерде таралган токой массивдери. Азыр алардын айрым бөлүктөрү гана аралча түрүндө сакталган, айрыкча Орусыянын европалык бөлүгүндө гана кеңири таралган. Анда эмен, акчечек, кызылкарагай, каражыгач, майда жалбырактуу жөкөдарак, кайын, зараңдын түрлөрү, жапайы алма жана алмурут ж. б., Сибирде кайын басымдуу. Бадалдардан лещина, бересклет, шилби, долоно ж. б. кезигет. Ным сактоодо, эрозияга каршы мааниси бар. Жыгачтары тиричиликке кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4