Токой — жер бетиндеги өсүмдүк дүйнөсүнүн негизги типтеринин бири; негизинен бир же бир нече түрдөгү дарак, бадал өсүмдүктөрүнөн туруп, белгилүү аймакты ээлейт. Токойдо дарак, бадалдан башка түрдүү чөп, мамык чөп, эңилчек жана башка да өсөт. Ийне жалбырактуу, жазы жалбырактуу (бир тектүү же аралаш) күбүлмө, жалбырактуу жана дайыма жашыл токойго бөлүнөт. Токой көптөгөн куштар менен жапайы айбанаттардын жашоо чөйрөсү; жыгач, химия, тамак-аш; фармацевтика өнөр жайда жана башка тармактарга сырьё берет. Жер бетиндеги биомассанын 90 % токойдо топтолгон. Топурак жана ным сактоодо мааниси зор, биосферанын туруктуу болушунун негизги факторлорунун бири. Ошондуктан токойду коргоо, жаңыртуу жана башка камкордуктар чоң мааниге ээ. Туташ өскөн токойлор дүйнөдө 3000 млндой га жерди же жер шарындагы кургактыктын 24 %ын ээлейт. Токойдогу жыгачтын дүйнөлүк запасы 360 млрд. м3. Дүйнөдө токойлордон жылына 2 млрд. м3 жыгач даярдалып, 20 миң түрдүү буюм жасалат.

Токой

Кыргызстанда жалпы токойлордун аянттары биригип мамлекеттик токой фондун түзөт; анда дарактын 433, бадалдын 950 түрү өсөт. Кыргызстандын токой фонду 2730,4 миң га жерди ээлеп, анын ичинен 729,2 миң га жер токойлор менен капталган. Токойлор табиятта суу теңдеми менен климатты жөнгө салат, кычкылтек иштеп чыгарат, атмосфераны зыяндуу заттардан тазалайт жана жер кыртышын ар кандай эрозиядан бузулушуна жол бербейт. Токойлордо ар түрдүү айбанаттарга аңчылык кылынат.

Булактар

түзөтүү
  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4