Гүлгаакы Байсабаева

Байсабаева Гүлгаакы‎»‎ барагынан багытталды)

Байсабаева Гүлгаакы (14.9.1930-ж. туулган, Талас облусу, Талас району, Көпүрө-Базар айылы) - жумушчу, Социалистик Эмгектин Баатыры (1976). Эмгек жолун Фрунзе кебез-жип ийирүү фабрикасында баштап, түрмөкчүнүн үйрөнчүгү (1952), түрмөкчү (195380) болуп эмгектенген. Тогузунчу беш жылдык планды үч жарым жылда аткарган. Жаштардын насаатчысы болгон. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978-9967-14-055-4
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.