Насирдин Байтемиров
Насирдин Байтемир — жазуучу[1][2], акын, драматург. Кыргыз Республикасынын Эл акыны.
Насирдин Байтемир | |
Байтемир уулу Насирдин | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: |
Бишкек |
Өмүр баяны
түзөтүүНасирдин 1916-жылдын чын куран айында Чүй районунун Кегети айылында[3] дыйкандын үй-бүлѳсүндѳ туулган. Айылдык мектепти бүтѳѳрү менен Фрунзедеги зооветинституттун даярдоо бѳлүмүнѳ ѳтүп, 1934-жылы 1-курсуна кабыл алынат. 1955-жылы Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.
Согуш жылдарында ал айылда жүрүп, бухгалтер, зоотехник, мугалимдин жана комсомолдук иштерде иштеди. Дал ушул элет жеринде Насирдин жазуучу үчүн эн зарыл болгон турмушту үйрѳнүү менен кийинки жазылуучу чыгармаларына бай материал жыйнайт.
1945-жылы Фрунзеге келип, «Кызыл Кыргызстан» газетасына кызматка орношот. Ал Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий консультант (1947–1950, 1955–1967) жана «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын атайын кабарчысы (1967–1978) болуп иштеген.
Чыгармачылык жолу
түзөтүүНасирдин чыгармачылык ишин ыр жазуудан баштаган. 1934-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде «Жаш тилек» аттуу алгачкы ыры жарыяланат[4]. 1937-1939 жылдары аскер кызматын ѳтүп келери менен энесинин, айрыкча агасы Касымдын айткан жомокторунун негизинде жазылган «Жомоктор» деген китеби 1939 жарыкка чыккан. Белгилүү прозаик, акын жана драматург Насирдинин апасы жомокчу, кошокчу болгон. Энеси Аруукенин кошоктору, Калмырза, Жаманкул менен Осмонкул сыяктуу атактуу ырчылардан уккан жанды тандаткан, нѳшѳрлѳп тѳгүлгѳн ырдын арасында чоңойгон.
«Махабатым канатым» аттуу жыйнагы 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. Акын көптөгөн ырлар менен катар «Күйөө», «Айып кимде», «Уркуя» сахна чыгармаларынын, «Аста секин колукту» музыкалык комедиясынын либреттосун жазган. «Отко таазим» көркөм фильмин түзүүчүлөрдүн бири.
Кызыл Кыргызстанда кызмат болгон убакыт баштап эл аралап, чонураак чыгарма жазууга камынды. Натыйжада «Азамат» аттуу повесттин жарыкка чыгарды. Мында автор согуш учурундагы ѳлкѳнү коргоо үчүн бүткүл кайрат-күчүн жумшаган кыргыз учкучу Азаматтын образын түзүүгѳ аракеттенет. Ошондой эле ооруктагы оор окуяларды ишунимдүү сүрѳттѳѳ менен, кыргыз элинин убадага, достукка, сүйүүгѳ бекем асыл сапаттарын таамай чагылдырууга далалаттанат.
Насирдин жетишерлик турмуштук, жазуучулук тажрыйба топтогон кезде да адабий билимин кѳтѳрүүнү энсеп, Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтуна кирип,аны 1955-жылы бүтүрдү. Жазуучунун «Акыркы ок» романынын жарык кѳрүшү дал ушул жылга туш келет. Буга аялдар темасындагы үч романы жарыяланып, алар авторду кыргыз адабиятындагы белгилүү романчы катары таанытты.
«Жылдызкан» романында сүрѳткер «Жаш жүрѳктѳрдѳй» даяр каарманды албастан, Жылдызкандын кичинекей кезинен тартып кандай турмушту башынын ѳткѳргѳнүн,кѳз карашынын калыптанышын, кулк-мүнѳзүн, дүйнѳ таанымын ар тараптан кенири сүрѳттѳп жүрүп олтурат. 1966-жылы жарык кѳргѳн «Тарых эстелиги» сүрѳткерге реалисттик проза жазуунун чыгаан ѳкүлдѳрүнүн бири, тарыхый роман жаратуунун чыныгы мастери атак-данк алып келди.
Насирдин үчүн «Уркуя» эч качан ѳзүнүн актуалдуулугун жоготпой, ал гана эмес, биротоло жазуучунун стихиясына айланып кеткендиктен, жазуучу бул темага кайра-кайра кайрылып, «Уркуя» ырысын, «Уркуя» драмасын жазып, ар кандай жанрдагы жаны чыгармаларды жарата берүүдѳн тажаган жок.
Ал «Уркуядан» башка да «Күйѳѳ», «Ким күнѳѳлүү?», «Жолдо», «Адамдын аты» драмаларын, «Эненин жүрѳгү», «Аста,секин колукту» музыкалуу комедияларын жазган. Эн негизгиси, Насирдинин калеминен «Сонундар дүйнѳсү» (1967), «Турмуш элегии» (1972), «Санта» (1970), «Козголончу аял жана сыйкырчы» (1984) сыяктуу кѳркѳм дѳѳлѳттѳр жаралып, кыргыз адабиятыда роман жанрынын бѳксѳсүн толтурууга зор үлүш кошту.
Насирдин — ыр жанранда да үзүрлүү эмгектенген кыргыз акындарынын ирилеринин бири.Башкасын айтпаганда да, «Жүрѳк күүсү» (1955), «Сүйгѳнүм» (1957), «Канаттуу күндѳр» (1964), «Эриген таш» (1969), «Махабат дастаны» (1975), «Махабат жазы» (1979), «Махабатым – канатым» (1981) сыяктуу кѳлѳмдүү ырлар жыйнактарынын ѳзү эле кыргыз поезиясынын тарыхынан кѳрүнүктүү орундардын бирин алып берүүгѳ кудурети жетет.
М.Ю.Лермонтовдун, В.В. Маяковскийдин, А.Навои ж. б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Сыйлыктары
түзөтүүНасирдин «Кызыл Туу», «Ардак белгиси», «Эл достугу» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Жарык көргөн китептери
түзөтүү- Жомоктор: Ыр менен жазылган. - Ф.: Кыргызмамбас, 1939. - 23 б.
- Азамат. - Ф.: Кыргызмамбас, 1948. - 43 б.
- Салтанат: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1949. - 227 б.
- Жаш муундар: Повесть. - Ф.: Кыргызмамбас, 1951. - 272 б.
- Бекем достук: Аңгемелер. - Ф.: Кыргызмамбас, 1952. - 84 б.
- Жаш жүрөктөр: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1953. - 235 б.
- Сагын: Повесть. - Ф.: Кыргызмамбас, 1953. - 196 б.
- Акыркы ок: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1955. - 363 б.
- Жүрөк күүсү. - Ф.: Кыргызмамбас, 1955. - 140 б.
- Акыл: Аңгеме, очерк, тамсилдер. - Ф.: Кыргызмамбас, 1956. - 184 б.
- Жумушчу сөзү: Аңгеме, очерктер жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1956. - 155 б.
- Камкордук. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. - 32 б.
- Сүйгөнүм: Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1957. - 311 б.
- Акыркы ок: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1958. - 333 б.
- Камкордук: Мектеп жашындагы балдар үчүн. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. - 72 б.
- Жылдызкан: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1959. - 428 б.
- Сыр: Поэма. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. - 96 б.
- Канаттуу күндөр: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1962. - 192 б.
- Долон: Ырлар, поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1964. - 184 б.
- Тарых эстелиги: Документалдуу тарыхый роман. - Ф.: Кыргызстан, 1966. - 343 б.
- Сонундар дүйнөсү: Роман. - Ф.: Мектеп, 1967. - 394 б.
- Акбаш: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1969. - 46 б.
- Эриген таш: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1969. - 315 б.
- Санта: Роман. - Ф.: Мектеп, 1970. - 208 б.
- Турмуш элеги: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1972. - 356 б.
- Махабат дастаны: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1975. - 202 б.
- Тандалган чыгармалар. - Ф.: Кыргызстан, 1976. - 562 б.
- Махабат жазы: Ырлар, поэмалар, дастан. - Ф.: Кыргызстан, 1979. - 308 б.
- Махабатым - канатым: Ырлар, поэмалар, либреттолор. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 372 б.
- Адику: Аңгемелерден турган повесть. - Ф.: Мектеп, 1984. - 164 б.
- Дил адеби: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1986. - 304 б.
- Эне күрп эмне үчүн ыйлады?: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1986. - 28 б.
- Тандалмалар: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1988. - 408 б.
- Махабат нуру: Ырлар жана поэмалар. - Б.: Адабият, 1991. - 304 б.
- Кылымдар деми: Дастан, Казал, Ырлар топтому. - Б.: Учкун, 1994. - 400 б.
- Махабат - элим, жерим, ата-тегим: Ырлар жана поэмалар. - Б.: Мамл. «Учкун» концерни, 1996. - 320 б.
Насирдинин чыгармалары орус, украин, айрымдары чет тилдерге которулган.
Булактар
түзөтүү- ↑ Ааматов, М.; Чекиров, А.; Калыева, Ө (2011). Кыргыз Республикасынын жазуучулары. Бишкек: Кыргызпатент. ISBN 978-9967-26-379-6.
- ↑ Кыдырбаев, Р.З. (1970–1979). "Байтемиров Насирдин". Больша́я сове́тская энциклопе́дия (3 ed.).
- ↑ Биография и Библиография Насирдин Байтемиров. КулЛиб.
- ↑ Насирдин Байтемиров — өмүр баяны, Sputnik Кыргызстан (30.09.2015).