Кыргызстан маданияты (гезит)

«Кыргызстан маданияты» ― маданий менчик басылма[1]. Кыргызстан жазуучулар союзу менен мурдагы Кыргыз СССР Маданият министрлигинин органы катары 1967-жылы 1-январда уюштурулуп, жумасына бир жолу чыгып келген[1][2].

«Кыргызстан маданияты» адабият таануу, адабий сын, архитектура, драматургия, кино, музыка, сүрөт, элдик көркөм чыгармачылык, тил илими ж. б. тармактар боюнча макалалар, адабий көркөм чыгармалар, ошондой эле техниканын, марксчыл-ленинчил философиянын, социологиянын маанилүү маселелери боюнча да макалалар басылат[2][1].

Ошондой эле коомдук турмуш, философия, социология, экономика, илим-техниканын маанилүү маселелери да кеңири чагылдырылган. Газета калкты идеялык, эстетикалык, ыймандык жактан тарбиялоого да көңүл бөлгөн[1].

1977-жылы «Кыргызстан маданиятынын» нускасы 50 миң нуска болсо, 1988-жылы 60 миңге чейин жеткен. 1991-жылдан мезгил-мезгили менен жарык көрүп турат[1].

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 1.4 “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
  2. 2.0 2.1 Кыргыз Адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек – 2004