Байтөрөев Абдрахман (1951-) ...

Өмүр жолу түзөтүү

Байтөрөев Абдрахман 1951-жылы 9-февралда Сумбула айылдык Кенешинин Таңги-Шах кыштоосунда колхозчу-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

1967-жылы Бишкек (мурдагы Фурунзе) шаарында жаңы ачылган исскуство институнуна кирип, 1971-жылы жогорку малыматтуу клубдук кызматкер жана өздүк-көркөм чыгармачылыгынын хор колективинин жетекчиси деген адистикке ээ болгон.

1980-жылдан Ош жаарындагы эл чыгармачылыгы жана маданият агартуу иштери бойунча илимий –методикалык борбордун бөлүм башчысы, 1981-1984-жылга чейин облустук маданият башкармасынын көрсөтмөсү мнене Базар-Коргон райондук аткаруу комитетинин маданият бөлүмүнүн башчысы, 1984-жылдан 1988-жылга чейин эл чыгармачылыгы жана маданий агартуу иштери боюунча облусттук илимий-методикалык борборунда директор болуп иштеген. Эл чыгармачылыгы жана маданий агартуу иштери боюнча Респубикалык борбордо шайлоо жолу менен директор болгон.

1989-жылы Ош болустук маданият башкармасынын башчысынын орун басары болуп которулуп, 1993-1994-жылдары облустук филармониянын директорлугу кызматтарында эмгектенген. 1994-жылдан 1997-жылдын март айына чейин облустук маданият башкармасынын началниги,1997-жылдын март айынан азыркы күнгө чейин Лейлек райондук элге билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенүүдө.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Мадаминов Г. "Лейлек тарыхы" Бишкек, 2004-жыл.