Байымбетов Иманкул Токтогулович

Байымбетов Иманкул Токтогулович (15.10.1949-ж.т., Терек-Сай айылы) - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1990-95).

Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1968-70).

  • 1967-98-жылдары Терек-Сай кенинде катардагы жумушчу,
  • 1971-75-жылдары Терек-Сай кен башкармасында өткөөлчү,
  • 1975-85-жылдарыкомсомолдук жаштар бригадасынын бригадири,
  • 1985-1990-жылдары жана 1995-2000-жылдары шахтада жардыруучу,
  • 1993-94-жылдары Терек-Сай шаарчалык кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

Күжүрмөн эмгеги үчүн “Эмгек Кызыл Туу” ордени (1975), СССР Жогорку Советинин Президиумунун «Ардак грамотасы» (1976), медалдар менен сьтйланган. Бир нече жолу Терек-Сай айылдык кеңешине депутат болуп шайланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6