Байыркы жана классикалык экономикалык теориянын өкүлдөрү

Байыркы жана классикалык экономикалык теориянын өкүлдөрү - Байыркы дүйнөнүн философтору жана экономисттери Ксенофонт, Платон, Аристотель жана башкалар экономикалык теорияга көп салым кошушкан.

Ксенофонттун (б. д. ч. 430-344-ж.ж.) айткандарында «үй чарбасын» илим катары талдоого алгандыгы даана байкалат. Анын чыгармаларында эмгекти бөлүштүрүү, товар жана акча жөнүндөгү аныктамалар чагылдырылган. Байыркы дүйнөнүн дагы бир эң залкар ойчулу Аристотель (б. д. ч. 384-322-ж.ж.) адамдардын коомдо жашоого табигый умтулушу үй-бүлө, айыл-кыштак, кийин мамлекетти түзүүгө алып келет деп эсептеген. Аристотель экономика менен хрематистиканы ажырата билген, ал экономика деп жашоо үчүн зарыл болгон байлыктарга, үйгө жана мамлекетке ээ болуу искусствосун түшүнгөн. «Нукура байлыкты» максат кылып койгон экономиканын чектери болот.

Ал «нукура байлык» деп жакшы жашоого гана жетиштүү болууга тийши болгон керектөө нарктарынын жыйындысын түшүнгөн. Аристотель: «Хрематистиканын максаты баюу гана болуп эсептелет» - деп санаган. Аны жүзөгө ашыруу үчүн чек ара болбойт, анткени ал акчага негизделет. Товар жана товар алмашуу тууралуу айтуу менен, алмашуу учурунда «пропорционалдык теңдештик» болууга тийиш деп эсептеген.

Анткени теңдештик болбогон жерде, «алмашуу» да болбойт, б. а., алмашуу процессинде буюмдардын теңештирилиши гана эмес, адамдардын да теңештирилиши болот. Ал товардык баалардын өбөлгөсү товарлардын алмашуу наркы болуп саналат, акча товарларды өлчөнүүчү нерселерге айландырат деп эсептеген. Ислам идеологиясынын байыркы алгачкы булагы Куран болуп эсептелет, анын эң алгачкы тексти 644646-жылдарга тиешелүү. Куран жеке менчикке, кол тийгистиктин башатында турган, анда башка бирөөнүн менчигин уурдоого тыюу салуу айтылган. Анда уурулук, эч аёосуз жазаланышы керек экендиги баса белгиленген. Куранда турмушта материалдык байлыктарды адамдардын ортосунда бөлүштүрүүдөгү теңсиздиктин болушу Кудайдын ырайымдуулугу катары каралган.

Бул адамдардын жөндөмдүүлүгүндөгү жана ресурстарга ээ болуудагы айырмалыкка байланыштуу. Ошону менен катар Куранда муктаж болгондорго материалдык жардам көрсөтүү идеясы ар түрдүүчө үгүттөгөн Куран топук кылууга чакырат, байлар өзүн өзү тыюуда эрдик көрсөтүшүп, жардылар өзүнүн менчигин, мүлкүн, байлыгын урунууда үнөмдүү оор басырыктуу болуулары тийиш делет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9