Башбаракты ачуу

Байыркы ирригациялык курулмалар

Байыркы ирригациялык курулмалар - Кыргыз жергесинин тоо этектериндеги түздүктөрү коло доорунан тартып өздөштүрүлүп келген. Фергана, Чүй өрөөндөрүндөгү эстеликтер байыркы дыйканчылык, суу бойлоп жайгашкан алгачкы туракжайлар тууралуу кабар берет. Дыйканчылыктын гүлдөп өсүшү климат жана сугат ишкердиги менен тыгыз байланыштуу болгон. Орто Азияда алгачкы сугат арыктары жана суу топтой турган жерлер энеолит (б. з. ч. 4-3 миң жылдыктар) доорунан тартып белгилүү. Окумуштуулардын кийинки жылдардагы изилдөөсүнө караганда мындан 20002700 жыл мурда, эрте темир доору мезгилинде Жетисуу аймагында жашаган калктын бир бөлүгү отурукташышып, жер иштетишкен. Кыргызстанда ирригациялык курулмалар (суу куурлары) Чүй жергесинде (Төкөлдөшарык, Ташарык, Жыламышарык, Өтөгөнарык, Сайарык) орто кылымдардан баштап ишке киргизилген. Кээ бир жерлерде жер астынан чыккан суу үчүн майда арыктарды пайдаланышкан. Кыргыз жергесиндеги б. з. ч. арыктар, туракжай орундары жеткиликтүү изилдене элек.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4