Байыркы чуст металл өндүрүшү

Байыркы чуст металл өндүрүшү- Фергана өрөөнүндө кен-байлыктардын молдугу металл өидүрүү жанаа андан буюмдарды жасоонун жогорку деңгээлде өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Фергананын Тентексай, Капыррават, Төөмоюн деген жерлеринен жез алынган. Болжолу, Чуст тургундары Чаткал тоо кыркасынын түш. этегинен, Гава дарыясынын өрөөнүнөн жезди казып алышкан. Өзгөчө Фергана тоо кыркасында калай кенинин болушу металл өндүрүүгө жакшы шарт түзгөн. Чуст жана Дальверзин эстеликтеринен металл өндүрүүнүн кыйла деңгээлин чагылдырган металл уюткулары, шлак, татаал түзүлүштөгү кооздуктарды куюш үчүн даярдалган таш калып табылган. Чуст маданиятына таандык металл буюмдарынын көпчүлүгү колодон куюлган. Ошондой эле калай, мышьяк кошулган буюмдар да кездешет. Фергана өрөөнүндө колого коргошун, висмут, сурьма кошулуп даярдалган буюмдардын болушу мүнөздүү. Колодон эмгек шаймандары (орок, көзөөч, бычак ж.б.) согуштук куралдар (найзанын башы, жаанын жебеси), ат жабдыктар (ооздук жана анын төңөлүгү), кооздук жана тиричилик буюмдары (күзгү, шуру, асынып жүрүүчү кооздуктар) жасалган. Ошол эле учурда жерди иштетүү үчүн колдонулуучу таш кетмендер, орок сымал таш бычактар, жаргылчактар, кенташты (руданы) майдалоо үчүн пайдаланылуучу таш балкалар кездешкен, ошондой эле металл буюмдарды куюш үчүн чегип даярдалган калыптар, чопо идиштердин бетин жылмалоочу таштар, металл курчутуучу бүлөөлөр, чокмордун башы катары колдонулуучу таштар табылган

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4